27-апрелде мас абалында МАИ кызматкерлери менен талашып, тартышып, сөгүнгөн мамлекеттик кызматкердин ким экендиги белгилүү болду.
Ал бажы кызматынын Алмазбек Касымалиев аттуу кызматкери экендиги такталып, кызматтан алынганы кабарланды. Аталган жаран социалдык тармактар аркылуу кайрылып, Кыргыз элинен кечирим сураган.