Эртең, 29-апрелге караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;
Таласта түнкүсүн +10…+15, күндүз +29…+34;
Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;
Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26;
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34.