Шарты катаал тоолу аймактарда туруктуу жашаган энелерге бир жолку “Бала береке” төлөмүн берүүнүн тартибин аныктоо боюнча долбоор коомдук талкууга чыкты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги белгилегендей, төлөм бериле турган эне татаал, тоолуу райондо эң аз алты жыл жашашы керек.
Төлөм кыргыз жарандыгы же, кайрылман деген күбөлүгү бар энелерге баласы бир жашка чыкканда берилет. Ошондой эле 2026-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн төртүнчү жана андан кийинки баласын төрөгөн апаларга да каралган.