Экс-президент сырттан 15 жылга эркинен ажыратылды

Экс-президент сырттан 15 жылга эркинен ажыратылды

Украинанын соту өлкөнүн мурдагы президенти Виктор Януковичке карата жаңы айып койду. Ал сырттан 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Украинанын башкы прокурорунун басма сөз кызматы билдирди.
Тандалган жаза чарасы бул иш боюнча эң жогорку мүмкүн болгон жаза болуп саналат. Мекеменин маалыматы боюнча, 2014-жылдын 23-февралында экс-президент Украинанын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, 20 адамды өзүнө жакын чөйрөдөгү жана мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери арасындагы адамдарды Россия аймагына өткөрүп кетүүнү уюштурган.
Виктор Янукович 2010–2014-жылдары Украинанын президенти болгон. 2013-жылы Киевдеги Эгемендүүлүк аянтында Украинанын Европа интеграциясын колдогон митинг өтүп, ал башаламандыкка жана адам өлүмүнө алып келип, акыры бийлик алмашуусуна себеп болгон. Виктор Янукович өлкөдөн чыгып кеткен.
2019-жылы Украинада Янукович мамлекеттик чыккынчылык жана агрессивдүү согушту пландаштырууга, даярдоого, баштоого жана жүргүзүүгө көмөктөшкөн деп табылып, сырттан 13 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2021-жылдын январында ага 2010-жылы Россия менен Харьков келишимдерин түзгөнү үчүн дагы мамлекеттик чыккынчылык боюнча айып тагылган.