Чүй облусунда  “Достук Арена” стадиону ачылды

Чүй облусунда  “Достук Арена” стадиону ачылды

Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы “Достук Арена” стадионунун ачылыш аземине катышты. Бул т ууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жаңы спорттук объекттин инфраструктурасы менен таанышып, машыгуу залын, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү жана административдик имараттарды көрүп чыкты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө самаалыктын символикалуулугун баса белгиледи: айыл жергесинде 2500 адамды батыра турган заманбап стадион пайда болду. Ал ушул стадион эгемен Кыргызстандын тарыхында алгач ирет жерпайынан чатырына чейин жаңы курулган объект болгонун айтты.

Президент бул жер бир канча жыл мурда тебеленип жаткан жөн гана талаа болгонун, анда жаш футбол сүйүүчүлөр чогулуп, мелдештер өтүп жүргөнүн эске салды. Бара-бара алардын ынтызарлыгы жана өжөрлүгү менен айылда азыр өлкөнүн премьер-лигасында ойноп жаткан “Талант” командасы пайда болду.

«Бүгүнкү күндө «Достук Арена» өз эмгеги жана тырышчаактыгы менен күйөрмандардын сый-урматына ээ болгон «Талант» командасынын жаңы оюн талаасына айланууда», – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент өткөн жылдын март айынан тарта жаңы стадиондун курулушуна өзү көз салып турганын белгиледи. Жаңы объектте футболчулар жана күйөрмандар үчүн бардык шарттар каралган: табигый жана жасалма көк майсаң чөп оюн талаасы, оюнчуларга ылайыкталган жатакана, тамактануу жайы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, административдик бөлмөлөр, фитнес зал, медиа, расмий өкүлдөр жана VAR-системасы үчүн дагы бөлмөлөр орун алды.

Мамлекет башчысы өлкө элдеринин ортосундагы достук, биримдик жана ынтымак үчүн стадионго “Достук Арена” атын берүү демилгеси Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Камчыбек Ташиевге таандык экенин белгиледи.

Президент жаңы спорт инфраструктурасы кыргыз футболунун эл аралык аренада мындан аркы ийгиликтерине түрткү болоруна ишенимин билдирди. Садыр Жапаров улуттук курама команда 2027-жылы өтүүчү Азия кубогуна жолдомо утуп алганын жана 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына катышуу үчүн күрөштү улантып жатканын эске салды.