Түркия парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди

Түркия парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди

Бүгүн, 28-апрелде Түрк Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуштун расмий иш сапары башталды.

Аны кечээ “Манас” эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин Төрага орун басары Нурланбек Азыгалиев менен депутат Алишер Козуев тосуп алышкан.

Нуман Куртулмуш төрага Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушуп, бир катар документтерге кол коюшат.

Кечээ, ал Бишкектеги Түркиянын элчилигине барып, жаңыдан элчилик кызматка дайындалган Мекин Мустафа Өкем менен баарлашты.