Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жунушалиев «Бишкекжашылчарба» жана «Тазалык» ишканаларына барып, шаарда тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн атайын техниканын жана кызматкерлердин даярдыгын текшерген.
«Кызматкерлерди өз убагында атайын сезондук кийимдер менен камсыз кылуу жана аларга ылайыктуу эмгек шарттарын түзүү маанилүү», – деген мэр.
Жунушалиев «Бишкекжашылчарба», «Тазалык», «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын жана Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин кызматкерлеринин аткарган жумушунун көлөмүн жана жоопкерчилигин эске алып эмгек акыларын 20%га көтөрүүнү тапшырган.