Сауд Аравиясы менен Катар Сириянын Дүйнөлүк банкка (ДБ) болгон карызын төлөп берүүнү көздөп жатышканын жарыялашты. Бул кадам өлкөгө эл аралык уюмдан колдоо алуу мүмкүнчүлүгүн кайрадан ачат. Чечим Вашингтондо өткөн Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк менен болгон жолугушууларда кабыл алынганын эки мамлекеттин каржы министрлери билдиришти. Карыздын суммасы болжол менен 15 миллион долларды түзөт.
