Путин аскердик жардамы үчүн Ким Чен Ынга ыраазычылык билдирди

Путин аскердик жардамы үчүн Ким Чен Ынга ыраазычылык билдирди

Россиянын президенти Владимир Путин КЭДРдин лидери Ким Чен Ынга жана Түндүк Кореянын бүт жетекчилигине Курск облусундагы салгылаштарда корей жоокерлеринин жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Владимир Путиндин айтымында, КЭДРдин аскер кызматкерлери Украина армиясынын басып кирүүсүнө каршы туруу боюнча Россияга жардам көрсөтүшкөн жана бул жардам эл аралык укуктун нормаларына толук ылайык келген.
28-апрелде КЭДРдин Борбордук аскердик комиссиясы Ким Чен Ын Курск облусундагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн аскер бөлүктөрүн жөнөтүү чечимин кабыл алганын маалымдады. Бул чечим Россия менен КЭДРдин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишиминин 4-беренесинин негизинде кабыл алынган. Пхеньян шаарында Курск облусунда курман болгон аскер кызматкерлеринин урматына монумент тургузулат.