УКМКнын миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу ишинин алкагында жасалма визаларды даярдоонун белгиленген каналын аныктап, ага бөгөт коюп, 100дөн ашуун электрондук визаны жасалмалоого катышкан чет элдик жаранды кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш ишинин алкагында атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Пакистандын жараны М.Т.К. мыйзамсыз киреше табуу максатында Пакистандын башка жарандарына жасалма виза жасоо схемасын уюштурган.
Тактап айтканда, М.Т.К. Пакистандын дагы бир жараны М.А.га эки электрондук визаны (2 айлык мөөнөткө) 150 АКШ долларына тариздөөнү, ошондой эле бирдик үчүн 1700 АКШ доллары баасында жалпы суммасы 6800 АКШ долларына кошумча төрт жылдык визаны тариздөөнү сунуштаган. М.Т.К.нын талабы боюнча аванс катары ага 4400 сом которулган.
Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде М.Т.К. 87 400 сом өлчөмүндө талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алган учурда пара менен кармалды.
Белгилей кетсек, М.Т.К. өздөрүнүн шериктери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагына келген мекендештери үчүн 100дөн ашык жасалма электрондук визаларды даярдашкан.
2025-жылдын 23-апрелинде КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык М.Т.К. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан бардык тиешеси бар адамдарды жана ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды алуу үчүн, анын ичинде ички жана тышкы миграция чөйрөсүндө расмий органдарга гана кайрылуу керектигин эскертет.
