“Барселона” клубу финалда Реал Мадридди жеңип Испания Кубогун жеңип алды. Оюнда каталондук клуб кошумча убакытта 3:2 эсебинде жеңишке жетти.
Турнирдин чечүүчү беттеши Севильядагы Олимпийский стадиондо өттү.
Эсепти 28-мүнөттө Барсанын оюнчусу Педри ачты.
70-мүнөттө “Реалдын” француз чабуулчусу Килиан Мбаппе эсепти теңеди. Жети мүнөттөн кийин Аурелен Тчуамени Королдук клубду алдыга чыгарды. 84-мүнөттө Ферран Торрес эсепти теңеди.
Кошумча убакытта 116-мүнөттө Жюль Кунде Барселонага жеңиш алып келген голду киргизди.
Бул “Барселонанын” Испания Кубогундагы 32-жеңиши болду.