Иран портундагы жарылууда көз жумгандардын саны 36га жетти

Иран портундагы жарылууда көз жумгандардын саны 36га жетти


Ирандын Хормозган провинциясындагы Бендер-Аббас шаарындагы Шахид-Раджаи портунда болгон жарылуудан каза болгондордун саны 36га жетти. Жарылуудан жабыркагандардын саны 1200дөн ашканы маалым болду. Бул тууралуу Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Жарылуу 26-апрелде болгон. Анын үнү жарылуу болгон жерден 26 чакырым алыстыкта жайгашкан Кешм аралында да угулган.
Шахид-Раджаи — Ирандагы эң ири порт болуп саналат. Өлкөнүн негизги транзиттик жүктөрү дал ушул жай аркылуу өтөт. Жарылуудан кийин порт ишин токтотту. Кырсыктын себеби расмий түрдө айтылган жок. Бирок маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, жарылуу катуу ракеталык отун үчүн колдонулуучу заттын  айынан болушу мүмкүн. Ошондой эле бул заттын туура эмес сакталгандыгы тууралуу божомолдор  айтылууда.