Зеленский: Украин аскерлери Курск облусунда

Зеленский: Украин аскерлери Курск облусунда

Украинанын президенти Владимир Зеленский украиналык аскерлер Курск облусунда экенин билдирди. Бул тууралуу ага Украина Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский доклад жасаган. Мамлекет башчысы бул маалыматты өзүнүн Telegram-каналында жазды. Анын айтымында, көптөгөн багыттарда салгылашуу уланууда жана кырдаал оор бойдон калууда.
«Эң көп салгылашуулар Покровск, Краматорск, Лиман жана Курск багыттарында жүрүүдө. Биздин аскерлер Курск жана Белгород облустарынын белгиленген райондорунда активдүү коргонуу аракеттерин улантып жатышат»,-деп айтылат билдирүүдө.
Президент ошондой эле 11-марттан бери, Киев АКШнын  ок атышууну токтотуу сунушун кабыл алгандан бери, Россия Украинага 8,5 миң аба бомбасын, ар түрдүү типтеги 200 ракета жана дээрлик 3 миң «шахед» учкучсуз аппараттарын атканын айтты.
Россиянын Коргоо министрлигинин Башкы штабы 26-апрелде Украина Куралдуу Күчтөрү Курск облусунан толук сүрүлүп чыкканын билдирген.
Бирок Украина Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы дароо эле Россиянын бүтүндөй Курск облусун толук көзөмөлгө алгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү четке какты.