БУУга Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо сунушу киргизилди

БУУга Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо сунушу киргизилди

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин дүйнөлүк деңгээлде белгилеп, 2028-жылды “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялоо боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясына кайрылуу тууралуу резолюция кабыл алынды. Мындай чечим Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинде өткөн “Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн жалпы сыймыгы” аттуу эл аралык конференцияда кабыл алынды.

Конференциянын катышуучулары Айтматовдун чыгармачылыгын жалпы адамзатка тиешелүү руханий мурас катары таануу зарылдыгын белгилешти.

Алардын пикиринде, жазуучунун чыгармалары тынчтыкты, гуманизмди, маданияттар аралык диалогду жана адамзаттык баалуулуктарды терең чагылдырат.

Резолюцияда төмөнкү негизги сунуштар камтылды:

Чыңгыз Айтматовду түрк элдерин жана дүйнө элдерин бириктирген руханий көпүрө катары таануу.

2028-жылды — Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата — “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялоо өтүнүчү менен БУУнун Башкы Ассамблеясына кайрылуу.

“Айтматовдун изи менен” аттуу эл аралык маданий маршрутту түзүү демилгесин колдоо.