Бишкекке жаңы элчи дайындалды

Бишкекке жаңы элчи дайындалды

Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси алмашты. Мөөнөтү бүткөндүгүнө байланышту мурдагы элчи Ахмет Садык Доган кызматтан кетип, анын ордуна Мекин Мустафа Кемал Өкем аттуу элчи дайындалганын Түркиянын Расмий Гезити жарыялаган. Гезиттин маалыматында буйрукка Режеп Тайип Эрдогандын кол койгону айтылат.

Жаңы элчи 2016-2021-жылдары Израилдин Түркиядагы элчилик кызматын аркалаган.