Бир жолу саякатчы чабандан сурайт:
— Бүгүн аба ырайы кандай болот?
Буга чабан мындай деп жооп берди:
– Кандай болмок эле, мага жаккан, мен каалагандай болот
— Аба ырайы так сиз каалагандай болоорун кайдан билесиз?
— Өзүңө жаккан нерсеге жетүүгө дайыма эле мүмкүн эмес, ошондуктан мен боло турганды сүйүүнү үйрөндүм.
Ошентип, аба ырайы так мен жактыргандай болот деп толук ишенем…