Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Казакстандык кесиптеши Серик Жумангарин менен Астана шаарында жолугушту.
“Эки тараптуу сүйлөшүүнүн алкагында, өлкөбүздө өстүрүлгөн айыл чарба продукцияларын Казакстанга экспорттоо үчүн жашыл коридор менен камсыз кылуу, эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары ортосунда мунай жеткирүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү жана эки мамлекеттин жарандары үчүн миграциялык эрежелерди жөнөкөйлөтүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү боюнча макулдашууга жетишилди”,- деп жазды өкмөттүн маалымат кызматы.