АКШнын президенти Дональд Трамп Россия менен Украина бири-бири менен келишүүгө абдан жакын экенин билдирди. Эми тараптар эң жогорку деңгээлде жолугушуп, жаңжалга чекит коюшу керектигин кошумчалады.
25-апрелде, АКШнын Украина боюнча жөнгө салуу планындагы маалыматтар белгилүү болду. Анда АКШ Крымды расмий түрдө Россиянын аймагы катары таанууга даяр экени көрсөтүлгөн. Луганск, Запорожье, Донецк жана Херсон де-факто Россиянын аймагы катары эсептелиши сунушталган. Ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жолугушкан. Алар Россия менен Украинанын түз сүйлөшүүлөрүн жандандырууну талкуулашкан.
