Папа Францисктин табытын жабуу аземи Ватиканда өттү

Папа Францисктин табытын жабуу аземи Ватиканда өттү

Үч күн бою Ватикандагы Ыйык Пётр собору папа Францисктин сөөгү коюлган табыт менен зыяратчылар үчүн күнү-түнү ачык болду. 25-апрелде кечинде коштошуу жана табытты жабуу аземи болуп өттү.
25-апрелде, Ыйык Пётр соборунда Папа Франциск менен коштошуу аземи аяктады. Иш-чарага 250 миңдей адам келгенин Ватикан билдирди. Үч күн бою чиркөө күнү-түнү ачык болду.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дө собор жабылгандан кийин Католик салтына ылайык, Папанын жүзү ак жибек жоолук менен жабылып, бул учурга бир нече кардинал катышты.
Понтификтин өзү калтырган керээзине ылайык, анын сөөгү 26-апрелде, Римдин борборунда жайгашкан Санта-Мария-Маджоре базиликасында жерге берилет. Ага чейин шаар көчөлөрү менен аза күтүү жүрүшү өтөт. Римде коопсуздукту 10 миңден ашуун коопсуздук кызматкерлери камсыздайт.
Жүрүш күндүз өтүп, Римдин негизги тарыхый жайлары – Колизей сыяктуу белгилүү объектилердин жанынан өтөт. Жүрүш болжол менен 30 мүнөткө созулат. Жерге берүү аземи чектелген чөйрөдө, бир нече кардиналдын, Папанын жеке медайымынын жана Францисктин өтүнүчү менен бир нече кедей, үй-жайсыз адамдын катышуусунда өтөт. Өзү айткандай, көмүү жөнөкөй болот. Францисктин күмүш кресттин сүрөттөгөн жана “Franciscus” деген жазуусу бар ак мрамор таш коюлат.
Дүйнөлүк лидерлер Папанын тажиясына катышуу үчүн Римге келген учурда башка эл аралык маселелерди да талкуулашат. Бул көрүнүш “тажыя дипломатиясы” деп аталат.