Өткөн жумаларда сунушталган үй-бүлө кодекси боюнча, эми өз алдынча нике кыйдырып жашай бергенге тыюу салынат. Ошондой эле болочок жубайлар ден соолугунун абалы тууралуу бири -бирине билдиргенге милдеттүү.
Мындан башка, жети муун өтө элек туугандар жана бир жыныстагы адамдар бир жаздыкка баш коё алышпайт. Үй-бүлө кодексинин эрежелерин бузгандарды жоопкерчиликке тартуу жагы да каралган.
