Кыргызстанда жашоо минимуму 8 253 сомду түздү

Кыргызстанда жашоо минимуму 8 253 сомду түздү

Кыргызстанда жылдын биринчи жарымында жашоо минимумунун орточо көлөмү жан башына 8 миң 253 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 6,2%га өскөн.

2024-жылдын биринчи жарымында жашоо минимуму 7 миң 769 сомду түзгөн.

Ар түрдүү социалдык топтор үчүн жашоо минимуму төмөндөгүдөй белгиленди:

эмгекке жөндөмдүүлөр үчүн — 9 217,41 сом;

пенсионеролер үчүн — 7 282,41 сом;

балдар үчүн — 7 042,41 сом.