Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Тегеран Индия менен Пакистандын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүгө ортомчу болууга даяр экенин билдирди. Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле Кашмирдеги террордук акттан кийин курчуп кеткен.
«Индия менен Пакистан — Ирандын бир тууган коңшулары. Тегеран бул кыйын кезеңде Исламабадда жана Делиде ортомчулук кызматын көрсөтүүгө даяр»,-деп жазды Аббас Арагчи X социалдык түйүнүндө. Ал билдирүүсүнө фарсы акыны Саадинин ыр саптарын кошту. Анда «адам баласы — бир бүтүндүн бөлүктөрү» деп айтылган.
