Түркиянын Стамбул шаарында өзбекстандык жаран жер титирөө маалында каза болду. Анын өлүмүнө катуу коркуу себеп болгонун Өзбекстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.
Мекеменин Telegram-каналындагы маалыматына ылайык, окуя 23-апрелде болгон.
«Стамбулда жашаган мекендешибиз жүрөк жетишсиздигинен каза болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, кайгылуу окуя жер титирөө учурунда жарандын көп кабаттуу үйдүн жогорку кабатында болуп, катуу коркуп кетишинен улам болгон»,-деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
«Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз»,-деп кошумчалашты мекемеден.
