Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу УКМК төрагасына кайрылып, Кыргызстанда дары-дармекке болгон баалардын кескин түрдө кымбаттап кеткенинен улам дарыканаларды текшерип берүүсүн суранды.
“Мен түшүнөм алар дарыларды Орусиядан, Казакстандан же, башка өлкөлөрдөн алып келишет. Кайдан алып келишсе да, үстүнө 5-10 пайыздан коюп сатса, өзүн актайт. Азыр кээ бир дарылардын баасы 1500, 3000, 4000 сомго чыкканын көрүп, булар 200-300 пайызга баасын көтөрүп алган окшойт деп ойлойт экенсиң”,- деген экс-акыйкатчы.