Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын параддык эсеби Россия жана Беларуста Совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга катышат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга байланыштуу бүгүн аскерлер Россиянын Коргоо министрлигинин “Кант” авиациялык базасы аркылуу Москва жана Минск шаарларына жөнөп кетишти.
“Бул ардактуу милдет, алардын саптык даярдык деңгээлин эске алуу менен Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларына, тактап айтканда Ардак кароол ротасына жүктөлгөн”, – деп айтылат маалыматта.