Трамптын элеси түшүрүлгөн туалет щеткалары

Трамптын элеси түшүрүлгөн туалет щеткалары

Кытайда АКШ президенти Доналд Трамптын элеси түшүрүлгөн туалет тазалоочу щеткаларды массалык түрдө сатып алышууда. Бул маалыматты Oddity Central порталы жазып чыкты.

Мындай көрүнүш АКШ менен Кытайдын тарифтик согушуна байланыштуу күч алган. Доналд Трамп Кытайдын товарларына жогорку бажы төлөмдөрүн киргизгендигинен улам кытайлык өндүрүшчүлөр Трампты шылдыңдаган  туалет щеткаларын чыгарышты.

Учурда Кытайда америкага каршы абал күч алганы маалымдалууда.