ТИМ мигранттардын маселесин чечүү жолун айтты

ТИМ мигранттардын маселесин чечүү жолун айтты

“Патриоттук сезим менен таптакыр Орусияга барбай койсок алар да ойлонушат эле. Аларга киши жетишпей бизден чакырып жатышат, акчасын да көп төлөп жатышат. Эгер биз баарыбыз сүйлөшүп алып, барбай койсок алар менен башкача сүйлөшмөкпүз”,-деди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев.

Ал  парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “биз сүйлөшүп, ал жакка барбагыла десе, кайра көп барып жатышат. Туура, билимдүү жаштарыбыз Европа, Япония жана Америкага кетип жатышат. Орусияга билими азыраактар кетип жатышат, маселе ошол. Биз да билим жагын бекемдеп, балдарга башка тилдерди үйрөтүп, жумушчу орундарын түзүшүбүз керек”,- деп маалымдады.

Жогорку Кеңештин жыйынында Орусиядагы кордолгон мигранттар боюнча сөз жүрүп, алардын укуктарын коргоо боюнча кеңири талкуу жүрдү.