Тилекмат Кудайберген уулу камерада эки киши менен жатат

Тилекмат Кудайберген уулу камерада эки киши менен жатат

Акыйкатчы институту УКМКнын тергөө абагында жаткан активист Тилекмат Кудайберген уулунан кабар алып чыкты. Алар берген маалыматта, Тилекмат Кудайберген уулу камерада эки киши менен жатат. Алардын түрмө кызматчыларына жана түрмөнүн шарттарына нааразычылыгы жок.

Өткөн жумада өлкөдөн чыгарылган журналист  Болот Темиров маалымат таратып, Тилекмат Күрөңовду ток менен кыйнап, анын жүрөгү токтоп калганын, түрмө кызматчылары тез жардам чакырган беш өрдөгүн учурган эле.

Эскерте кетсек, УКМК  Тилекмат Кудайберген уулун  19-апрелде Бириккен Араб Эмираттарынан кармап келген.

Биринчи май райондук соту аны 19-майга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.