«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробация менен абактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы чыгарды.
Соттун өкүмү жабык эшик артында чыгарылып, Темирлан Султанбеков өкүмгө макул эместигин жана даттанууга ниеттенип жатканын ЖМКларга берген маегинде билдирди.
Эске салсак, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.