Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу менен жолугушуу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Түркиянын Анталья шаарында өткөн эл аралык математика олимпиадасына окуучуларды коштоп барган Н.у.А. аттуу кыргыз жаранынын кармалышына байланыштуу уюштурулган.
Жолугушуунун жүрүшүндө аталган окуя боюнча расмий маалымат берүүнү өтүнүп, ошондой эле Вена конвенциясына ылайык Н.у.А.га ыкчам консулдук жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча Тышкы иштер министрлигинин вербалдык нотасы тапшырылды.
Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу тарабынан адвокат табууга көмөк көрсөтүлүп, Түркиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу максатында ыкчам консулдук сапар уюштурулду.
“Олимпиаданын бардык катышуучуларын коопсуз кайтаруу маселеси көзөмөлдө турат. Жарандардын биринчи тобу Кыргызстанга кайтып келди, калган бөлүгүнүн учуусу жакынкы убакта күтүлүүдө. Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргызстандын жарандары жана кармалган жарандын жакын туугандары менен тыгыз байланышта болууда”, – деп айтылат маалыматта.