Россия Украинa менен ок атышууну токтотууга даяр экени айтылды

Россия Украинa менен ок атышууну токтотууга даяр экени айтылды

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров CBS News телеканалына берген маегинде Россия Украина менен тынчтык келишимин түзүүгө даяр экенин айтты.
«АКШнын президенти туура баамдады деп ойлойм. Биз туура багытта баратабыз»,-деди Лавров маекте. Ал Россия келишимге даяр экенин, бирок айрым пункттарды дагы тактоо керектигин кошумчалады.
Бул билдирүү Киевге карата жасалган массалык ракета чабуулунун фонунда айтылды. Аталган соккудан 10дон ашуун адам каза болуп, 70тен ашууну жаракат алды.
«Украина март айында ок атышууну токтотууга даяр экенин билдиргенден кийин эмне үчүн жай тургундарды өлтүрүү керек болду?» деген журналисттин суроосуна Лавров «Биз аскерий объекттерге же аскерлер колдонуп жаткан жарандык имараттарга гана сокку урабыз. Бул тууралуу президент Путин көп жолу айткан»,-деп жооп берди.
Ошондой эле ал эгерде сокку жасалган объект украин аскерлери тарабынан колдонулса, анда коргоо министри жана жергиликтүү аскер башчылар анын үстүнөн сокку урууга укуктуу экенин кошумчалады.
Мындан тышкары, Лавров Дональд Трампты «бул кырдаалдын негизги себептерин жоюунун зарылдыгын түшүнгөн дүйнөдөгү жападан жалгыз лидер» деп атады.