Папа Франциск менен коштошуу үчүн сааттап кезекте турушат

Папа Франциск менен коштошуу үчүн сааттап кезекте турушат

Күндүн ысыгына карабай миңдеген адамдар Папа Франциск менен коштошуу үчүн Ватикандын Ыйык Пётр аянтында сааттап кезекте турушууда. Анын сөөгү салынган  табыт XVI кылымдагы базиликада коюлган жана 25-апрелдин кечине чейин элге ачык болот.
26-апрелдин таңында Ыйык Пётр аянтында аза күтүү иш-чарасы өтөт. Буга дүйнөнүн көптөгөн лидерлери жана падышалык үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү катышат. Андан кийин Франциск Римдеги Эсквилино районунда жайгашкан Санта-Мария-Маджоре базиликасында жерге берилет.
20-апрелде, Франциск  Ыйык Пётр аянты аркылуу өткөн. Ал Пасха майрамынын урматына чогулган элди чиркөөнүн борбордук балконунан  куттуктаган.  Бул анын эл менен акыркы көрүшүүсү болду.
Францисктин ордуна ким келет?
The Guardian басылмасы белгилегендей, 23-апрелдин кечинде 103 кардинал чогулуп, жерге берилген убактан  тарта тогуз күндүк аза күтүү жарыялады. Жаңы папаны тандоочу сүйлөшүлөр  5-майдан эрте башталбашы керек деген чечим кабыл алынды.
Азырынча айкын талапкер жок. Бирок филиппиндик реформатор Луис Антонио Тагле жана италиялык Пьетро Паролин сыяктуу айрым кардиналдар алдын ала фавориттер катары каралууда.