Пакистандын коргоо министрлиги Х социалдык тармагында бир нече билдирүү жана видеолорду жарыялады. Анда Индия менен согушка даяр экенин, бир аймагын талкалай турганын айтып, коркутту.
«Рахмат, Моди, сен биздин улутту бириктирдиң. Силер согуш каалайсыңарбы? Анда баштагыла. Пакистан даяр»,-деп айтылат түшүндүрмөсүндө.
Башка бир видеодо аскер кызматкери тизилип турган аскерлердин алдында Индия менен согушка даяр болууга чакырат.
«Пакистан — Түштүк Азиядагы Индиянын үстөмдүгүн эч качан кабыл албаган жападан жалгыз өлкө. Биз коркутууга алдырбайбыз. Биз алсыз эмеспиз, кутумчулардын агрессиясына эки эсе жооп кайтарабыз»,-деп айтылат видеонун түшүндүрмөсүндө.
Биринчи жарыяланган видеодо Пакистандын Коргоо министрлиги ракета учурганын көрсөттү.
Кадрларда өлкөдө иштелип чыккан 400 чакырымга чейинки аралыкка атуучу «Фатх-2» ракета системасы көрсөтүлгөн.
Пакистан да, Индия да өзөктүк куралга ээ мамлекеттер. Ар биринде болжол менен 160 өзөктүк дүрмөт бар.
Индия 1960-жылдагы Инда дарыясынын суулары боюнча келишимдин аракетин токтотконун билдирди. Пакистандын Пахалгам шаарында шейшембиде 26 адамдын өмүрүн алган террордук чабуул үчүн Исламабадды күнөөлөдү. Пакистандын аскер атташесин өлкөдөн чыгарды.
Индия менен Пакистан ок атышууну токтотуу келишимине бир нече жолу кол коюшкан. Алардын ортосундагы жаңжал Пакистан 1947-жылы Индиядан бөлүнгөндөн бери уланып келет. Акыркы келишим 2021-жылдын 25-февралына караган түнү күчүнө кирген.
