Атактуу чабуулчу Мохамед Салах “Ливерпуль” менен жаңы эмгек келишимине кол койду. Тараптардын ортосундагы келишим 2027-жылдын ортосуна чейин эсептелген.
The Telegraph журналисттеринин айтымында, египеттик форварддын айлыгы жылына 20 млн. Келишимде ошондой эле ишти аткаргандыгы үчүн бонустук төлөмдөр каралган. Мохамед 2017-жылдан бери “Ливерпуль” үчүн ойноп келет.
Жалпысынан чабуулчу мерсисайддердин курамында 394 беттеш өткөрүп, 243 гол киргизип, 111 пас берген. Англия чемпионатынын учурдагы сезонунда египеттик чабуулчу 27 гол менен алдыда келе жатат