Бекешев орусиялык депутат Матвеевди персона нон-грата деп жарыялоону сунуштады

Бекешев орусиялык депутат Матвеевди персона нон-грата деп жарыялоону сунуштады

Депутат Дастан Бекешев Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Михаил Матвеевди Кыргызстан каалабаган адам катары санап, (персона нон-грата) анын өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн өлкөгө кирүүгө тыюу салуу керек деп эсептейт.

Ал “Россотрудничество” уюмунун Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кармалган кызматкери Наталья Секерина боюнча сүйлөп жатып, Кыргызстанды “уюм“ деп атаган.

“Кыргызстанга акча которууларды чектеп коюш керек. Мисалы, биздин банктардан акча которуу оңой. Чегинен чыгып кеткен кичинекей уюмду ордуна коюп койгонго улуу держава үчүн опоңой, мунун миллиондогон жолу бар”, – деп билдирген

Мамдуманын депутаты, Аймактык саясат жана өз алдынча башкаруу комитетинин башчысы Михаил Матвеев.

Орус депутаттын айтканы боюнча ТИМ же, башка мамлекеттик органдар азырынча үн чыгара элек.