Чакырымга созулган кезектер жана ыйлаган адамдар: Ватиканда Папа  менен коштошуу башталды

Чакырымга созулган кезектер жана ыйлаган адамдар: Ватиканда Папа  менен коштошуу башталды

Ватикандын Ыйык Петр соборунда дүйнөдөн кайткан Папа Франциск менен коштошуу  башталды. Иш-чара 25-апрелге чейин уланат.
Понтификтин сөөгү 23-апрелде Папанын Санта-Марта резиденциясынан Ыйык Петр соборуна алып келинген.
Эми каалоочулар жума, 25-апрелге чейин Папа Франциск менен коштошууга мүмкүнчүлүк алышат. Шаршемби жана бейшемби күндөрү собор түн жарымына, ал эми жума күнү саат 19:00гө чейин ачык болот.  25-апрелде саат 20:00дө сөөк салынган табыт жабылат.
Католик чиркөөсүнүн башчысын акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 26-апрелде өтөт. Италиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул күндөрү дүйнөнүн булуң-бурчунан жүз миңдеген адамдар,  170ке жакын чет элдик делегация коштошууга келээри  күтүлүүдө. Жерге берүү иш-чарасына  АКШнын, Германиянын, Франциянын жана Украинанын президенттери  катышары айтылууда.
Франциск акыркы жүз жылдан ашуун убакытта Ыйык Петр соборунда эмес, Римдин борборунда жайгашкан Санта-Мария-Маджоре базиликасында жерге берилген биринчи Папа болору күтүлүүдө.
Папа  Франциск 21-апрелде 88 жаш курагында Ватикандагы резиденциясында көз жумган.