Трамп: Украина менен келишүү Россия менен келишүүдөн кыйыныраак болду

Трамп: Украина менен келишүү Россия менен келишүүдөн кыйыныраак болду

АКШ президенти Дональд Трамп Украина менен келишүү Россия менен келишүүдөн кыйыныраак болуп чыкканын билдирди. Ал муну «кыйын, бирок бул нормалдуу» деп белгилеп, эки тарап менен тең макулдашууга жетишүүгө ишенерин кошумчалады.
АКШ сунуштаган тынчтык планы Крымды Россияныкы катары таанууну жана согуш аракеттеринин жүрүшүндө Россия ээлеп алган аймактарды ага бекитип берүүнү карайт. Бул план өткөн жумада Парижде өткөн жолугушууда талкууланган. 23-апрелде, Лондондо АКШ Украинадан жооп күтүп жаткан.
Жолугушуунун алдынан Украина президенти Владимир Зеленский Крымды Россиянын аймагы катары эч качан тааныбай турганын айтты. Буга жооп катары Дональд Трамп Зеленский согуш аракеттерин уланта берсе, «өлкөсүн жоготуп алышы мүмкүн» деп билдирди.