Токаев: Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан чек ара боюнча бир пикирге келишти

Токаев: Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан чек ара боюнча бир пикирге келишти

Жакында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан көп жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесинде  өз ара түшүнүшүүгө жетишти. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанада өткөн Казакстан элинин Ассамблеясынын сессиясында билдирди.
«Тарыхый келишимге кол коюлду деп айтууга болот. Биз муну чоң жетишкендик катары баалайбыз. Биз дайыма колдоп келген боордош мамлекеттер үчүн кубанычтабыз»,-деген президент Токаевдин айтымында, казак эли байыртадан бери коңшуларына чоң урмат менен мамиле кылган.
«Коңшуну кабыл алуу — Кудай алдындагы карызды кайтаруу” деген макалда биздин ишенимибиз жана салт-санаабыз чагылдырылган. Бул ата-бабаларыбыздан калган осуят, энелерибизден өткөн сапат. Элдин коңшуга болгон урматы азыркы күнгө чейин уланууда. Коңшулар улутуна, динине жана тилине карабастан, жалпы максаттар менен жашашат»,-деди ал.
«Алатоодо жашаган кыргыздар  биздин бир туугандарыбыз. Байыртадан бери  өзбектерди өз бир тууганыбыздай сыйлап келебиз. Түркмөндөр — биздин тууган эл. Биз орток ата-бабаларыбызды ардактап келебиз. Биз  Каспий деңизи аркылуу байланып турган Азербайжан элине да чын ыкластан жакшы көрүү менен мамиле кылабыз»,-деди Токаев.