Стамбулда жер титирөөдөн 150дөн ашуун адам жабыркады

Стамбулда жер титирөөдөн 150дөн ашуун адам жабыркады

2024-жылдын 23-апрелинде Стамбул шаарында болгон жер титирөөдөн 150дөн ашуун адам жабыркады.
Стамбул губернаторунун кеңсесинин маалыматы боюнча, жер титирөөдөн улам дүрбөлөңгө түшкөндөр, бийиктен секиргендер болгон.  Жалпы  151 адам жаракат алган. Жабыркагандардын өмүрүнө коркунуч жок.
Стамбулдун бир районунда таштап кеткен эски имараттын жарым-жартылай кыйраганы катталды. Бийликтер жарандарды жер титирөөдөн улам бузулган болушу мүмкүн болгон имараттардан оолак болууга чакырды.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кырдаалга көз салып жатышканын билдирди.
23-апрелде Стамбулда саат 12:49да күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Ал 10 секундга созулду. Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте болгон.