Бишкек шаарына караштуу Октябрь райондук прокуратурасы “Апрель” телеканалын жабуу боюнча сотко кайрылып, аталган телеканалдын социалдык тармактагы ишмердүүлүгүн токтотууну жана Маданият министрлигинен телеканалга берген уруксатын кайтарып алууну суранды.
Ага себеп катары, Кыргызстандын бийлигин жаман көрсөтүп, кадыр-баркына доо кетирип жатканы, айрым алып баруучулардын шылдың менен коштолгон мимикасы телеканалдын көрүүчүлөрүнө ушундай түшүнүктү туюндураары белгиленген. Канал Алмазбек Атамбаевге таандык болгон
Белгилей кетсек, “Апрель” телеканалы 2018-жылы негизделип, 2019-жылкы Кой-Таш окуяларында соттун чечими менен “Медиа Форум” ишканасы менен бирге мүлкү камакка алынган. Кийин социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.