Катар менен  түз аба каттамы ачылышы мүмкүн

Катар менен  түз аба каттамы ачылышы мүмкүн

Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев Катардын транспорт министри шейх Мухаммад бин Абдулла Аль Тани менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар кызматташтыгынын күн тартибиндеги негизги маселелерге токтолуп, ошондой эле жакынкы аралыкта өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн Транспорт министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты орнотууга багытталган укуктук-базалык макулдашуулардын долбоорлору боюнча пикир алмашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн тыгыз байланышта болууну убадалашты.