Камила Талиева: “БатМУнун ректору 18 млн сомду ордуна коюп койсун”

Камила Талиева: “БатМУнун ректору 18 млн сомду ордуна коюп койсун”

“Депутаттар кадр койбойт. Шайлоо жакындап калды, ректордун орду керек болуп калган окшойт деп кечээ биртоп адам чалды. Мен кечээ БатМУдагы 18 млн сомго чейинки коррупциялык ишти айттым. Бул УКМК тарабынан далилденген.

Айтып коюшум керек, ректорду депутат дайындабайт. Бул 18 млн сом элдин акчасы. Ошол ректор ордуна коюп койсун. Эч ким таарынбасын, таарынса, Таласка барсын”,- деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, кечээ депутат Камила Талиева парламенттин жалпы жыйынында БатМУнун ректору боюнча маселе козгоп, ага 18 млн сомдун тегерегинде оор айыптоолорду таккан.