Казакстанда табышмактуу жоголгон окумуштуу табылды

Казакстанда табышмактуу жоголгон окумуштуу табылды

Беш күн мурда Каспий деңизинде жоголгон Россия географиялык коомунун бөлүм башчысы Пётр Бухарицын тирүү табылды. Анын абалы жакшы экени айтылды.
“Өзүн жакшы сезип жатат. Ал тик учак менен учуудан жана дарыгерлердин жардамынан баш тарткан. Эртең кечинде аны кеме менен Астрахань шаарына алып келишет”,-деп айтылат маалыматта.
Экспедиция учурунда Бухарицын багытты жоготуп, адашып кеткен. Бул күндөрү ал шүүдүрүм ичип, камыш чайнап жашап турган. Бул ага күчүн сактоого жардам берген.
Буга чейин Казакстан менен Россиянын чек арасында белгилүү россиялык окумуштуу Пётр Бухарицын жоголгону кабарланган.
Издөө иштерине  Каспий флотунун кызматкерлери жана чек ара кызматы тартылган.
Бухарицын Астрахань облусундагы Россия географиялык коомунун бөлүмүн жетектеп, илимдин доктору жана профессор болгон. Ал кемеде Каспийдин түндүк жээгин картага түшүрүү боюнча экспедицияны жетектеп жаткан. Россия менен Казакстандын чек арасындагы Укатный аралында  табышмактуу түрдө жоголуп кеткен.