Кашмирде болгон террордук акттан кийин Индия өкмөтү шашылыш жыйын өткөрдү. Анда Пакистанга карата кеңири дипломатиялык жана виза чектөөлөрүн киргизүү чечимин кабыл алды. The Times of India басылмасынын маалыматына караганда, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өкмөттүн коопсуздук боюнча комитетинин шашылыш жыйынын өткөргөн.
Жыйынтыгында Индия 1960-жылдан бери колдонулуп келген Инд дарыясы боюнча суу келишиминин аракетин токтотууну чечти. Келишим Пакистан “терроризмди колдоону токтотмоюнча” күчүндө болбойт.
Мындан тышкары, Индия Пакистан менен болгон жалгыз расмий кургактагы “Аттари” чек ара өткөрмө пунктун жабат. Пакистан жарандары үчүн визасыз кирүү программасын токтотот жана эки өлкөдөгү дипломатиялык кызматкерлердин санын кыскартат.
Пакистандык аскердик атташелер Индияда персона нон грата деп жарыяланды. Аларга өлкөдөн чыгып кетүүгө бир жума убакыт берилди.
Мындай катуу чараларга өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Пахалгам аймагында болгон террордук акт себеп болду.
