Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев министрлер кабинетин катуу сынга алды.
“Урматтуу депутаттар, айткылачы, кимиңердин катыңарга министрлер жооп берди? Булар орун басарларына жооп бердирип коет. Азыр министрлер үйүн салабыз деп жатасыңар. Аны эмне кыласыңар, алгач, мектептерди, балдар бакчаларын жана ооруканаларды бүтүрбөйлүбү? Салык кызматына имарат салып эмне кыласыңар”,- деди депутат.
Ал министрлер кабинети каттарга өз убагында жооп бербей жатканын билдирип, соцобъектилердин ачылышына депутаттарды чакырбайсыңар деп кейиди. Министрлер кабинети менен Жогорку Кеңеш куштун эки канатындай экенин, мындан улам ынтымакта иштөөгө чакырды.