Гурбангулу Бердимухаммедов Кыргызстанга эмнеге келди?

Гурбангулу Бердимухаммедов Кыргызстанга эмнеге келди?

Түркмөнстандын Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргызстанга болгон иш сапары аяктады. Аны жогорку деңгээлде тосуп алуу жана сыйлоо аземин эске албаганда бийик даражалуу коноктун келип, кетиши талкууга жем таштагандай.

Орусиялык серепчилер анын сапарын экономикалык келишимдерге багыттап жатышат.  Ага себеп катары, 22-апрель күнү  Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн эске алып, Казакстан жана Кыргызстан аркылуу түркмөн газын Чыгыш Азия өлкөлөрүнө экспорттоону көздөп жатканы божомолдонду. Албетте, мындай учурда аталган өлкөлөрдөн газ түтүкчөлөрү өтүүгө тийиш.

Түркмөн газынын биздин өлкөгө кандай пайдасы бар, кайсы региондор пайдалана алат же, канча каражат түшөт, азырынча белгисиз. Бирок, бийик даражалуу коноктун ушул багыттагы сапарын чын эле жемиштүү сүйлөшүүлөр коштогон болсо, мындан Кыргызстан гана утат.