Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча XXXXVII эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Германия , Ирак, Азербайжан, Монголия, Түркмөнстан Беларусь жана Испаниядан 200дөн ашык спортчу спортчу катышары күтүлүүдө. 29-апрель күнү башталган мелдеш 3-май күнү жыйынтыкталат.

Катышуучулар 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг чейинки салмак категорияларында күч сынашат.