Индиянын Жамму жана Кашмир аймагында шектүү куралчан адамдар туристтерге ок атып, 20 адам каза тапты.
Кол салуу Пахалгам шаарчасында болгон. Бул кооз тоолуу аймактагы туристтик жерге жай айларында туристтер көп келет.
Indian Express гезитине полициянын өкүлү билдиргендей, кол салууга эки же үч куралчан катышкан.
Көз жумгандардын жарандыгы азырынча белгисиз.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бул “жийиркеничтүү ишке” тиешеси барлар жоопко тартыларын айтты.
Индия 2019-жылы Кашмирге берилген өзгөчө макамды жокко чыгарган. Бул кадам менен штат эки федералдык башкаруудагы аймакка – Жамму, Кашмир жана Ладакхка бөлүнгөн. Ушундай чечимден кийин жергиликтүү бийлик башка аймактардан келген адамдарга жашоо жана иштөө, жер сатып алуу укуктарын бере баштаган.
Бул кадам Пакистан менен болгон мамиленин начарлашына алып келген. Пакистан да бул аймакка доо койгон. Бул талаш-тартыш эки өзөктүк куралга ээ коңшулардын ортосунда катаал карама-каршылыкка жана аскердик кагылышууларга түрткү болгон.
