Америкалык Sportico порталы тарыхтагы эң көп маяна алган спортчулардын рейтингин түздү.
Тизмени түзүүдө спортчунун карьерасындагы иш жүзүндө тапкан кирешеси гана эмес, инфляциянын деңгээли да эске алынган.
Биринчи орунду легендарлуу баскетболчу Майкл Джордан ээледи, анын карьералык кирешеси 3 миллиард долларды (инфляцияны эске алганда 4,15 миллиард доллар) түзгөн. Экинчи орунду америкалык гольф оюнчусу Тайгер Вудс ээледи (1,91 миллиард доллар – реалдуу^; 2,79 доллар – инфляцияга корректировкаланган). Үчүнчү орунду португалиялык футболчу Криштиану Роналду (1,83^; 2,23) ээледи.
Тарыхта эң көп киреше алган 10 спортчу:
1. Майкл Джордан (баскетбол)
2. Тайгер Вудс (гольф)
3. Криштиану Роналду (футбол)
4. Леброн Джеймс (баскетбол)
5. Лионель Месси (футбол)
6. Арнольд Палмер (гольф)
7. Джек Никлаус (гольф)
8. Дэвид Бекхэм (футбол)
9. Роджер Федерер (теннис)
10. Флойд Мейвезер (бокс).