Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин тарифтик жана соода согуштары бардык өлкөлөрдүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын бузуп, көп тараптуу соода тутумуна зыян алып келип, дүйнөлүк экономикалык тартипке сокку экенин билдирди.
Си Цзиньпин 23-апрелде, Пекин шаарында Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев менен жолугушуу учурунда Кытай Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) негиз кылган эл аралык системаны жана эл аралык укукка негизделген тартипти коргоо максатында Азербайжан менен кызматташууга даяр экенин айтты. Анын айтымында, Кытай тиешелүү мыйзамдуу укуктарды жана кызыкчылыктарды чечкиндүү коргойт. Ошондой эле эл аралык калыстык менен адилеттүүлүктү жактайт.
